Эл аралык илимпоздор тобу акыркы беш жылда Антарктидадагы муз катмарларынын эрүү ылдамдыгы үч эсе тездегенин аныкташты.

Бул туралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта айтылгандай, 2012-жылга чейин Антарктидада муз жоготуусу деңиз деңгээлине жылына 0,2 мм болгон жана көбөйгөн эмес. Ал эми 2012-жылдан бери бул көрсөткүч жылына үч эсеге көбөйүп, 0,6 мм болду.

2016-жылы компьютердик модуляциялар көрсөткөндөй, 2100-жылга чейин бир гана Антарктидада муз ээрисе, деңиздин деңгээли 2 метрге көтөрүлүшү мүмкүн дешет чет элдик изилдөөчүлөр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *