Бишкек шаарында кылмыштуу топтун өкүлдөрү кармалганын борбор калаанын милициясы бүгүн 16-сентябрда билдирди.

Бишкекке кылмыш кылуу максатында атайын топ келгени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен катталган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшүп, ШИИБдин атайын багыттагы аскер кызматкерлери 7 адамды кармады.

Учурда баары камакта. Алар ошондой эле талап-тоноо жана жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына кол салууга шектелип жатат. Алардын үчөө мурда соттологондор болсо, дагы үчөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *