Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирилгендей, аял төрөт үйүнө 7 айлык кош бойлуу кезде түшкөн.

«Ал вирустук симптомдору менен келди, төрөө кесаревикалык операциянын жардамы менен чечилди, эки бала эрте төрөлүп, азыр эмизүүнүн экинчи баскычында», — дейт маалыматта.

Ошондой эле маалыматта аялга жасалган алгачкы эки ПЦР-тесттин натыйжасы терс чыкканы, бирок аялдын өлүмүнө чейин жасалган үчүнчү тест оң болгону жазылган.

Маркум операциядан кийин пневмония менен ооруп калып, беш күн соң өпкө жетишпестигинен каза болду. Аны ак халатчандар сактап кала алган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 27 жаштагы аял COVID-19 диагнозу менен №2 клиникалык төрөт үйүндө көз жумган. Аялдын өлүмү жөнүндө маалыматтар 30-июнда статистикада катталган.

Кыргызстанда пандемиядан улам, COVID-19 менен ооругандардын 57 өлүмү катталды. 30-июнга карата республикада коронавирсутун 5 296 учуру тастыкталды. Бардык ооруканалардан 2370 бейтап чыгарылган. Ал эми учурда 721 бейтап дарыланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *