Чүй облусундагы ЖКККББнын басма сөз кызматы берген маалымат боюнча, аталган кырсык бүгүн 30-июнда Бишкекте, саат 10:40 чамасында Манас аэропортуна кеткен унаа жолунда катталган.

Окуя болгон жерден Audi C4 унаанын айдоочусу Сокулук районунун тургуну 39 жаштагы Т.Ж., кармалды. Ал мас абалда болгону аныкталган. Азыр унаа токтотуучу жайга коюлган. Ага тиешелүү экспертиза дайындалды.

«Бир велосипедчи ошол жерден каза болуп, экинчиси оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ауди С4 унаасынын айдоочусу кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Бишкекти көздөй бара жатып велосипедчилерди сүзүп өткөн. Кагылышуунун себеби дагы деле белгисиз», — деп билдирди МАИ кызматкерлери.

Учурда милиция жеринде иштеп жатат жана кырсыктын жагдайлары такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *