Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов санариптештирүү ишине көңүлү толбой, Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымовго иштен кетүүнү сунуш кылды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Суракматов бул тууралуу 15-сентябрдагы жыйында айткан.

Калаа башчысы шаардын бардык кызматтарын бириктирген байланыш түйүнү жоктугуна, муниципалдык кызматтарды пайдалануу татаал экенине нааразы болгон.

Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгын 2017-жылдан бери жетектеп келаткан Касымов мэрдин сунушуна азырынча жооп бере элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *