Эркин Асрандиевдин коронавируска тапшырган ПЧР-анализинин жыйынтыгы оң чыкты.

Бул туралуу республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай буга карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантып жатат жана анын оорусу жеңил түрдө өтүүдө. Ал тийиштүү дарыланууда жана өзүн жакшы сезүүдө.

Ошондой эле маалыматта белгилүү болгондой, оорулу менен байланышта болгон КР Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов учурда обочолонуп иш алып барууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *