Жогорку Кеңештин депутаттары ишин жыйынтыктап, каникулга тарады. Алар 1-сентябрдан тарта  ишин жандантып, шайлоого 25 күн убакыт калганга чейин иштешет.

Жыйындын жүрүшүндө төрага Дастан Жумабеков 2019-2020-жылда парламент тарабынан 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле жарандардын 15 372 кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 29 миңден ашуун жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда парламенттин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрда өткөрүлөөрү белгиленген. Бирок, шайлоонун өтөөр күнү пандемиядан көз каранды экендигин Дастан Жумабеков билдирген. Анткени илдет качан токтоору белгисиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *