Өзүн-өзү мактаган адамдар көбүнчө терс пикир жаратат, анткени адам жөнөкөй болуш керек деп эсептейбиз. Бирок, АКШнын окумуштуулары жүргүзгөн психологиялык эксперимент өзүн-өзү мактоо-ден-соолукту чыңдай тургандыгын көрсөттү.

Жагымдуу нерсе жөнүндө ойлонууга канчалык көп убакыт бөлсөк жана өзүбүздү канчалык мактасак, ден-соолугубуздун начардыгына нааразы болуу жана дарыгерге көрүнүү коркунучу азаят. Мындай көрүнүштү тастыктаган экспериментке 57 жаштан 60 жашка чейинки 52 адам катышкан.

Долбоордун жүрүшүндө, анын катышуучуларына өзүлөрүнүн эмоционалдык жактан — позитивдүү же тескерисинче, терс кабыл алган баштан өткөн окуяны эскерүү сунушталды. Ошол учурда, адамдарда мээнин ар кайсы бөлүктөрүнүн электрдик активдүүлүгү катталган.

Изилдөөчүлөр өз иш-аракеттерин сын көз караш менен баалоого жакын адамдардын оң жак мээсинин префронталдык бөлүгүндө нейрондордун абалы айырмаланып турушарын аныкташты. Ал эми түрдүү кырдаалдарда өз аракеттерин жогору баалагандарда сол жарым шардын ошол эле зонасында жигердүүлүктүн жогорулагандыгын көрсөтүштү.

Илимпоздордун айтымында, активдүү сол жарым шар менен иммундук системанын ортосунда түздөн-түз байланыш бар. Ошондуктан, өзүн төмөн баалабагандардын ден-соолугу чың болот- деп белгилешет алар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *