Белгилүү россиялык видео блогер жана журналист Илья Варламов Бишкектен дээрлик бир саатка созулган репортаж жарыялады.

Ал бүгүн Кыргызстандын борбору кандай көрүнүштө экендигин айтып, бийликти сындады.

«Бишкек шаарынын бийлиги элди ушунчалык жактырбаганы үчүнбү шаарды бир чоң көрнөк-жарнак илүүчү жайга айлантып, жолдорду талкалап салышыптыр. Жер алдындагы өтмөктөрдө жана ар бир бурчта базарлар, короолордогу аянтчалардын ордуна май куюучу жайлар жайгашкан. Шаардык айлана-чөйрөнүн толук деградациясы Кыргызстандын борборун жашоо үчүн таптакыр жараксыз кылат. Бирок, кызыгы, мындагы адамдардын көпчүлүгү көйгөйлөрдү жакындан көрбөйт жана шаарларын коргоп жашап жатышат », — деп баса белгиледи Илья Варламов.

Эске сала кетсек, орусиялык журналист Бишкекке 2-сентябрда келген. Эртеси ал шаарды изилдөө үчүн жөнөгөн. Журналист эртең мененки чуркоо учурунда борбор калаанын жолдорунун сапатсыздыгын байкаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *