Пандемия учурунда, жеке карантинге обочолонуп калган күндөрү, көпчүлүк түзүлгөн жагдайдан улам, оорлошуп туруктуу салмагын көбөйттү десек жаңылышпаган болобуз. Анткени ошол учурларда көбүндө стресс жаралып, туура эмес тамактанууга түрткү болуп калды. Бул ден соолукка абдан зыяндуу. Анын үстүнө, салмакка көңүл бурулбаса, мындай абал ар кандай ооруларга алып келиши ыктымал. Ошентип, бул мезгилде идеалдуу салмагыбызга кантип кайрылабыз, формабызды кантип сактай алабыз? Жооптор биздин төмөнкү мазмунда жашырылган!


Пайдалуу тамак-аштарды жеп туруңуз

Эгерде сиз «бир нерсе жешим керек» деген ички үндү угуп жатсаңыз, негизги тамакты жеп бүткөн соң 1 саат деле өтпөсө дагы, эмне кылуу керек? 

Ал Жөнөкөй: бир ууч жер-жемиш, жаңгак же йогурт, айран жеп койсоңуз ушул күтүлбөгөн ойлордон арыласыз.


Тамакты убакытты толтуруучу каражат катары көрбөңүз

Үйдө отуруп убакыт өткөрө албай зеригип калган учурда көпчүлүк эмне жесем деп ойлосо керек, кечки тамакка салдырууну жасабоого аракет кылыңыз. Мындай учурларда, дароо китепти ачып окуп, сериалдарды / кинолорду көрө баштаңыз. Айтмакчы жеңил желпин жай баракат музыка да жардмачыңыз боло алат. Ойлоруңузду мүмкүн болушунча тамактануудан алыс коюңуз.


Өзүңүзгө суроо бериңиз

Эмне үчүн жегиңиз келип жатканы жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Чын эле ачка болгонуңуз үчүнбү? Негизги тамактарды жана тамак-аштарды карап чыгыңыз, эгерде тамак-ашыңыз кадимки убакытка салыштырмалуу көбөйсө, ашканадан алыс болууга аракет жасаңыз.


Күндөлүгүңүзгө эмне жей турганыңыздын тизмесин жазыңыз

Күн бою жеген нерселериңиздин бардыгын жазып алыңыз. Бул тизмеге суусундуктардын, суюк, тамактардын түрлөрүн баарын кошуңуз. Күндүн аягында кагазга көз чаптырып, өзүңүздүн оң жана терс нерселериңизди аныктаган болосуз. Кагазды карасаңыз, канча тамак жегениңизге таң каласыз.


Фаст-фуддан алыс болуңуз

Тез тамак катары белгилүү ашыкча майлуу жана зыяндуу тамактарды ашканаңызга койбоңуз. Анткени булар ашказанга терс таасирин тийгизет. Эгер эч болбосо бир ооз тийип алайын десеңиз, 1-2 тиштеп алып байкап көрүнүз, токтото албайм деп ойлосоңуз, анда дароо тамактанууну токтотуңуз. Чындап салмагында маселеси барлар үчүн азыркы сунуштар өтө маанилүү. 


Спорт менен машыгуу

Үйдө спорт менен машыгуунун көптөгөн жолдору бар. Биринчиден, өзүңүздү шыктандырыңыз. Үйдөгү кийимдериңди чечип, ыңгайлуу спорт кийимдерди кийиңиз. Үйүңүздүн сүйүктүү бөлмөсүндө спорт менен машыгыңыз. Жагымдуу музыканын коштоосунда аткарылган көнүгүүлөр жакшы ойлорду жаратып, зыяндуу тамактардан алыс болууга өбөлгө болот.


Эгерде бул макала сиздерге жаккан болсо анда жакындарыңыз менен бөлүшүңүз

Жакшы ойлоп жакшы натыйжаларга жетиңиз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *