Унаада кичинекей көйгөйлөр пайда болсо, аларды оңой жол менен чечсе болот экен. Жыйырма сомдук кир самынды унаада салып жүрүү жакын жерде унаа тетиктеринин дүкөнү жок болгон учурда жардамга келет.

Унаанын тигил же бул көйгөйүн чечүүдө ар дайым кымбат каражат талап кылынбайт. Айрым көйгөйлөрдү бир тыйынга оңой эле чечсе болот. Колдогу бардык каражаттар, анын ичинде кир жууган самын да колдонулат.

Үйдүн кожойкелери өзгөчө жыты бар самындын жардамы менен кереметтерди жасашат.Килемдерди тазалашат, кийимдерди жуушат, ал тургай чачтагы какачты кетирүү үчүн да колдонушат. Чындыгында, тажрыйбалуу айдоочулардын багажниктеринде бул каражат ар дайым катылып турат. Бул бекеринен эмес. Унаада кир самынды колдонуп, бир эле учурда үч пайдалуу нерсени жасоого болот экен.

Мисалы, унаанын эшиктерин майлоочу май катары колдонсо болот. Убакыттын өтүшү менен, унаанын эшиктериндеги майлар жуулуп, алар жагымсыз(чыйкылдаган) үн чыгара башташат. Бул учурда эшикти самындын жардамы менен жакшылап сүртсөңүз, кычыраган үндөр жоголот. Анын үстүнө, кадимки майлоочу материалдардан айырмаланып, кир самын чаңды жана топуракты аз чогултат. Ал эми майлоочу эффекти бирдей. Бирок, жаан-чачын көп болгон убакта майлоочу катары колдонгон самын узак кармалбайт.

Айдоочулар самындын жардамы менен терезе айнектеринин «кычыраган» үндөрүнө каршы дагы күрөшүшөт. Айнекти түшүрүүдө жана көтөрүүдө тажатма үндөн арылуу үчүн, ага самын сүртүү керек. Тажрыйбалуу айдоочулардын айтымында, айнектин жагымсыз үнү токтойт. Бирок, алар кир самындын «жыпар жыты» жөнүндө сөз кылышпайт.

Унаадагы кир самынды колдонуунун дагы бир багыты — дөңгөлөктөрдү тазалоо. Мындагы эффект дөңгөлөктөрдү «химия» менен карартып жибергенде тазалаганга барабар. Самындуу эритмени жасап, ар бир дөңгөлөктү щетка менен жууп чыгыңыз.Самын курамы эски кирлерди да кемчиликсиз кетирет. Натыйжада, дөңгөлөктөр сыртынан жапжаңы көрүнүп калат.




Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *