Бүгүн, 30-июнга карата өлкөдө 7 адам коронавирустун айынан көз жумду. Алардын арасында КРнын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатору “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” 71 жаш курагында Тазабекова Жамал Исмаиловна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маркум 16.12.1949-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бокөнбаев айылында туулган. Үй-бүлөлүү 2 баланын энеси, билими жогорку медициналык, 27.04.1982 жылдан тартып КРнын ИИМдин МБнын Ош шаары жана Ош облусунун МКнын бейтапкана жана дарылоо борборунунда эмгектенип келген. 

Ал кызмат учурунда COVID-19 илдетин жугузуп алган. 2020-жылдын 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Азыркы учурда, маркумдун сөөгүн санитардык эрежелерин сактоо менен жерге берүү аземи уюштуруулуда. 

Ош ОИИБдин өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *