Стрит-Арт (англ. street көчө, art — өнөр) — заманбап искусствонун тенденциясы, анын айырмалоочу белгиси шаарды мүнөздөөчү өнөрлөрдүн бири. Башкача айтканда, бул искусство түрү урбаникалык жанрга кирет.


Көчө искусствосунун негизги бөлүгү — граффити (же болбосо, спрей искусствосу) болуп саналат, бирок көчө искусствону граффити деп гана айтууга болбойт. Анткени спрейден сырткары анын ичинде ошондой эле постерлер (коммерциялык эмес), трафареттер, ар кандай скульптуралык инсталляциялар ж.б. кирет.


Ар бир деталь, көлөкө, түс, сызык көчө искусствосунда маанилүү. Сүрөтчү өзүнүн стилдүү логотипин — «уникалдуу белгисин» түзүп алып, аны шаардык имараттардын сыртында. жана башка бөлүктөрүндө сүрөттөйт.


Көчө искусствосундагы эң маанилүү нерсе аймакты бөлүштүрүү эмес, көрүүчүнү диалогго тартуу жана башка окуялардын маанисин чагылдырып көрсөтүү.


Граффити көбүнчө жаман кадыр-баркка ээ болуп келет, анткени бул түрдү көпчүлүк вандализм катары кабыл алышат. Бирок чыныгы сүрөтчүлөр ишке киришкенде, бул көчө өнөрү шаарды тескеринче көрктөндүрүп, заманбап жерге айландырат. 

Акыркы жылдары жогорку сапаттагы көчө өнөрү дүйнө жүзү боюнча туристтерди тарткан аймактардын бири болуп калды. Көчө искусствосу маданият жана жашоо жөнүндө бир ооз сөз айтууга жөндөмдүү. Бара-бара коомчулуктар көчө искусствосу жана граффити шаарлардын жаңы конуштарын жана райондорунун дизайн концепциясына киргизди.


Дал ушул искусствонун негиздерин багындырып, эргүү менен көчөлөрдү, интерьерлерди кооздоп келе жаткан сүрөткер Илья Тарасовду белигилесек болот Ал Ош шаарында көптөгөн көркөмдүү инсталляцияларды жаратып келет. Шаар ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн сыртында жана интерьерлеринде анын жасаган иштерин көрүп суктанууга болот.

Анын айтымында Стрит-Арт бул —» Графика сыяктуу эле элестерди кадимки калем учу менен тартып жаткандай, жандантуу жана бир окуяны чагылдыруу. Бул багыт менен жан дүйнөдөгү туйгууларды боек, ар кыл түстөр менен чон форматта кенен чагылыдырып берүү.»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *