Эл аралык илимпоздор тобу 2011-жылы Антарктидада табылган табышмактуу шар формасындагы “ фоссилди” миллиондогон жыл мурун ири сойлоочунун жумурткасы экендигин аныкташты.

Изилдөөчүлөрдүн табылгалары Nature журналында жарыяланганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Микроскоптордун жардамы менен изилдөөчүлөр фоссилдерди изилдеп, кабыкчанын ичинде бир нече катмарын табышып анын жумуртка экендигин тастыкташты. Адистер ошондой эле табылгандардын жашын — болжол менен 66 миллион жыл деп аныкташкан.

Жумуртка бош болуп калгандыктан, аны кайсы жандыктын экенин билишпей, табуу үчүн, 259 тирүү сойлоочулардын денелеринин көлөмүн алардын жумурткаларынын көлөмү менен салыштырып, андан соң ылайыктуу көлөмдөгү жок болуп кеткен жандыктардын каталогун изилдешкен.

Натыйжада, илимпоздор жумуртканы байыркы деңиз сойлоочусу — Мозасаврдын жумурткасы деген жыйынтыкка келишкен.

Маалыматта белгиленгендей, бул Антарктикада табылган алгачкы казылып алынган жумуртка. Аталган ачылыш баалуу деп эсептелинди. Эми илимде “ Мозасавр сыяктуу жандыктар жумуртка таштаган эмес ” деген тезиске күмөн саналып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *