30-июлга карата жалпы республика боюнча 73 медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 44 дарыгер, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус инфекциясынан каза болгон.

 Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген орто медициналык билими бар адистер – 18 адам.

Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген кенже медперсонал – 3 адам.

Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоо уюмдарында иштеген башка кызматкерлер – 8 адам.

Тизмеге саламаттык сактоо уюмдарында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, ошондой эле жеке уюмдарда, башка ведомстволордун медициналык кызматында иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.

Компенсациялык төлөмдөр толук эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген “Компенсациялык төлөмдөр жөнүндө” жобого ылайык эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *