Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөдү.

Ал эң алдын эпидемиологиялык кырдаалга токтолуп, чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бардеп айтты.
Ал сүйлөп жатып, «Кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес», — деп билдирди.

Ошол эле учурда президент ӨК тартиби, обочолонуу чектөөлөр алынган соң оору күчөп кеткенин жана эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштырды.

Президент өлкөдө атайын уруксат берилбесе да көпчүлүк аш-той өткөрүп жатканын белгиледи жана бул жагдайды жалпы элге жасалып жаткан кыянаттык деп баа берди. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *