Сулуулуктун 5 душманы

Ар бир айым келбетинин мыкты болуп жүрүшү үчүн болгон күч аракетин жумшайт. Алар сулуулугун жана жаштыгын сактап калышы үчүн кымбат косметикалык каражаттарды сатып эле албай, пластикалык операция эшигин каккылашы да мүмкүн. Бирок көпчүлүгүбүз байкалбаган каталар менен сулуулугубузга өзүбүз душман арттырып алат экенбиз. Төмөндө өз күчүңүз менен калыбына келтире алчу келбетиңиздин 5 душманы менен тааныштырабыз.


Чач өңүн бат-баттан өзгөртүү

Чачты бир айда бир жолудан ашык боёо, өзгөчө түсүн толугу менен өзгөртүү зыян экенин билсеңиз керек. Эгер сиз бул көрүнүштү дайыма кайталасаңыз эстей жүрүңүз. Бат-баттан боёо, чачыңыздын жабыркап, сынып, түсү күңүрт тартып, алсыз болушун шарттайт.

Беттеги кызыл чекиттер

Айрым учурда көпчүлүгүбүздүн жүзүбүздө кызыл чекиттер пайда болуп, жагымсыз абалга калтырат. Мындайда баары эле андан арылуунун жолун издешет. Айрымдары аны сыгып жок кылуунун айласын издесе, кээ бири дарыканага баш багат. Косметологдордун айтымында, кызыл чекиттерди жөн койсо 2-3 күндө өзү эле жоголот. Эгер аны сыгып кетирем десеңиз, ичине инфекция кирип, тери жабыр тартып, түлөп же так калышы мүмкүн. Абайлаңыз.

Каш терүү

 Туура эмес же пландаштырбай каш терип, нукура сулуулугун жоготуп алгандар да жок эмес. Формасын бузуп алган кашты калыбына келтирүүдөн мурда, жакшылап кам көрүп, азыктандыруучу майлардан сүртүңүз. Учурда окшош каштар замандын трендине айланса, табигый сулуулук ар дайым модада экенин унутпаңыз.

Күн нуру

Күн нурунун да пайдалуу жана зыяндуу жактары көп. Айрым учурларда терибизди күн нурунан азыктандырабыз деп жабыркатып алабыз. Ошондуктан күнгө көп күйүүдөн сактаныңыз. Себеби катуу тийген күн нуру жылмакай терини кургатып, бырыш, так түшүүсүнө алып келет.

Уйкунун аздыгы

Адам уктаганда тери клеткалары дем алып, кайра калыбына келет. Кеч уктап, эрте турган кезде теринин түсү өзгөрүп, көз айланасына бат бырыш түшөт.


 Макала жаккан болсо, досторуңуз менен бөлүшүңүз !

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *