Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги тараткан маалыматы боюнча, 8, 15, 22 жана 29-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейстер пландаштырылганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Маалыматта билдирилгендей, чартердик каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизмеге жараша аткарылат.

 «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 8-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 8-июлдагы чартердик авиарейске жарактуу болот.

Стамбул-Бишкек чартердик рейси 8-июлда уюштурулуп, ал каттам менен жүздөн ашык кыргызстандык жаран башка чет өлкөлөрдөн кайтат.

Авиабилеттин баасы — 235 АКШ долл. (доллар, евро же түрк лирасындагы накталай акча же кредиттик карта менен төлөсө болот), эки жашка чейинки балдар үчүн авиабилеттин баасы 15 АКШ долл., 2-12 жашга чейинки балдар үчүн авиабилеттин баасы 202 АКШ долл. түзөт. Уруксат берилген багаж 38 кг., кол багажга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер багаж 38 кг. ашса, кошумча 1 кг. багаждын акысы 6 евро. түзөт.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы эки миңге жакын кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.

2 thoughts on “Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат”
  1. Саламатсыздарбы мен Антальядан жазып жатам билет алгам Турк аба жолуна чартердик рейс мн кетсем болобу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *