Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы боюнча автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды. Бүгүн бул тууралуу 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык  жол кырсыгын жараткан деп шектелген Хонда Одиссей унаасын башкарып бара жаткан 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты. Бүгүнкү күндө сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.

 Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. оор абалда  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *