Самарканд облусунда 2 баштуу наристе жарык дүйнөгө келди деп аталган өлкөнүн «Kun.uz» маалымат булагы жазып чыкты.

Маалымат боюнча, кош бойлуулуктун текшерүү учурунда сиам эгиздер экени аныкталган. Ымыркайдын ата-энеси кабар берилгенде, алар баланы жарык дүйнөгө алып келүү чечимине келишкен. 

Облустук медицина борборунун башкы дарыгеринин айтуусу боюнча, наристелер азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө жана алардан бир нече анализдер алынган. Анын натыйжасында алардын ички органдары экиден, жыныстык мүчөсү бир, башы экөө деп тастыкталган.

Дарыгер Дилшод Рахмоновдун айтымында, “Мындай оору дүйнөдө өтө сейрек кездешет. Бул оору менен төрөлгөн балдар көп жашашы мүмкүн, айрымдары 30-50 жашка чейин жашаган”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *