Бүгүн, 30-июнда Эль-Кувейт-Бишкек багытындагы аба каттамы менен 102 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келишти.

Бул туралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча кайтып келгендердин арасында буга чейин Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн Кыргыз жарандары дагы бар. Алар Кувейтке атайын уюштурулган транзисттик каттам менен келишкен.

“Бардык келген жарандар алгоритмге ылайык, обсервацияларга жайгаштырылды жана чет өлкөлөрдө калган мекендештерибизди өлкөгө алып келүү боюнча иштер улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *