Өлкө башчысы 1-класска барчу балдарды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айтты. Азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде билдирген. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өлкө башчы жаңы окуу жылы тууралуу оюн билдирип, 1-класстарды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк жаратарын белгилеген.

«Муктаждык жаралып, билим берүү процесси толугу менен аралыктан окутууга ылайыкташылды. Буга өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп койгонго баарыбыз көнүп калганбыз. Аралыктан окутууга кээ бир ата-энелер нааразы болуп чыгышы мүмкүн. Анткени андан башка тиричилиги бар. Жаңы окуу жылы боюнча министр менен сүйлөштүм. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө. Бирок 1-класстарды мектептен окутуу маселеси каралышы керек», — деди Жээнбеков.

Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылынын I чейрегинде мектеп окуучулары аралыктан билим аларын кабарлаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *