Кечээ, 31-июль күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар а/а Күйө-Таш айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короолорун, Көө-Чаты айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук ӨКБнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *