Slider

Кыргызстанда келерки жылдын 3-майындагы дем алыш күн 8-январга которулду. Бул тууралуу 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тийиштүү буйрукка кол койду.

Ошентип, январдын 7синен 10на чейин дем алыш болот. 7-январь Рождество майрамы, 9-10-январь ишемби жана жекшемби күндөрү.

Буга чейин Жаңы жылды майрамдоодо жумуш күндөрү которулбай турганы, 8-январь иш күнү бойдон калары айтылган.

Бирок кийин 10-январда өтө турган президенттик шайлоого жана референдумга байланыштуу шайлоочулар катталган жерине барып добуш берүүсүнө шарт түзүү үчүн 8-январды да дем алыш деп жарыялоо керектиги белгиленген.

1-январь – Жаңы жыл майрамы. Андан кийинки эки күн – 2-3-январь ишемби жана жекшемби. Январдын төртүнөн алтысына чейин жумуш күнү болот. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *