Slider

Президенттик шайлоо жана референдум үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле чет элдик аймактык шайлоо комиссияларына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоого 3 млн 567 миң 138 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

“Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү”, – деп жазылат маалыматта.Мындан тышкары Кыргызстанда референдум өткөрүү үчүн 3 млн 567 мин 138 бюллетень, ал эми Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

Референдум өткөрүү үчүн көк бюллетень, ал эми президенттик шайлоо үчүн түссүз бюллетень даярдалды.

Эскерте кетсек, Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда болот. Учурда ага 17 талапкер ат салышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *