Slider

Ош облусунун агробизнес тармагына Дүйнөлүк банк тарабынан 60 млн доллар бөлүнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүктүрүү кеңешмесинде айтылды.

Кеңешмеге КР дин вице премьер министри Равшан Сабиров, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттиги, КР дин энергетика , өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.

Равшан Сабиров: «Ош облусунун аймагында өндүрүш, кайра иштетүү, курулуш боюнча ишканаларды ачып, ошол тажрыйбаны башка облустарга жайылтууну колго алабыз,»-деп белгиледи.

Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов: «Сиздер сунуштаган тендер боюнча комиссияга дүйнөдөгү бараандуу компаниялар катышпайт, караганга убактысы жок. Тендер, социалдык мекемелерге жеткирүү үчүн ыңгайлуудур, бирок, өндүрүшү кең, көлөмдүү тармакта даяр сунуш менен олуттуу, репутациясы жакшы компанияларга өзүбүз чыгып сунуштап кызматташуу керек. Антпесе, аты , дареги жок ишканалар тендерден утуп, ишин аткарбай, жылдап соттошкон учурларды көрүп жүрөбүз«,- деген оюн айтты.

Ал эми » Центр конкурентоспособности агробизнеса» мекемесинин директору Т. Беков:» Ош облусунун аймагында агробизнес тармагына Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынан 60 млн АКШ доллары ( 30млн — агрардык тармакка, 30 млн- туризм) көлөмүндө каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

«Биз аны максаттуу пайдалануубуз керек. Анткени, Ош облусу азык-түлүк коопсуздугу боюнча кооптуу, 40-70% гана камсыз кыла алат. Ошондуктан, биз да Кокон- Ош -Букара багытында агро класстер түзүп жатабыз.Ноокат районунда алманы Россияга , Араван районунда Кокон гиласти Кытайга экспорттоо үчүн борборлоштурулган логистикалык борбор ачуу долбоорун ишке ашыруу керек«,-деди Т.Беков.

Бул менен бирге Таш — Көмүрдө кристалл чыгаруучу заводдун базасында тери иштетүү завод ачуу- зарылдык экендиги айтылды. «Анткени, ошол жердеги тазалоочу механизм ошого ылайык. Ар бир районго кабыл алуу пункттарын ачуу менен сырье топтолот. Бул Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун эмес, Өкмөттүн улуттук программасы болуш керек,»- деди облус башчысы.

Один комментарий к “Ош облусунун агробизнес тармагына Дүйнөлүк банк 60 млн доллар бөлдү”
  1. Эми ошол болунгон акчаларды жебей,ичпей туура багытта колдонсок жакшы болот эле

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *