Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисяндын аялы Рита Саркисян 20-ноябрда коронавирустан каза болду. Ал 1962-жылы Тоолуу-Карабакта төрөлгөн. Рита Саркисян 16-ноябрда оор абалда ооруканага жеткирилген.

Серж Саркисян дагы Тоолуу Карабактан болот. Ал 2008-2018-жылдары Армениянын эки жолку премьер-министри жана өлкөнүн үчүнчү президенти болгон.Былтыр жыл аягында өлкөнүн Атайын тергөө кызматы Серж Саркисянга коррупция боюнча айып таккан. Анда 2013-жылы уурдалган акча фермерлерге күйүүчү май алууга жумшала турганы айтылган. Саркисян күнөөсүн мойнуна алган эмес жана саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *