Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин Жетекчиси Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.

Новиков жолугушууда Дүйнөлүк банк менен болгон кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

«Дүйнөлүк банк тарабынан кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан көмөгүнө кубанычтабыз. Биргелешкен күч-аракет аркылуу экономиканы стабилдештирүү боюнча антикризистик чараларды ишке ашырабыз жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыра алабыз деп ишеним билдирем», – деди Артем Новиков.

Өз кезегинде Навид Накви Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендигин белгиледи.

«Учурда республикада жалпы суммасы 750 миллион доллар болгон 24 долбоор ишке ашырылууда. Учурда бул сумманын 10% гана тартылган. Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр», – деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *