Ош шаарында 1-декабрдан тартып «коопсуз шаар»долбоору иштеп баштайт. Бул тууралуу шаардык жетекчиликтен билдиришти.

Долбоорго ылайык,эми жол эрежесин бузган айдоочуларды жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери токтотпойт. Эреже бузган ар бир учур электрондук видео байкоо аркылуу көзөмөлдөнөт,башкача айтканда автоунаа ээсине жол эрежесин бузгандагы үчүн айып пул «каты» жиберилет.

Учурда шаардык ЖКККБ тарабынан камераларды ишке киргизүү, электрондук системага өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *