Кечээ, 20-ноябрда, УКМКнын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү, “Чач” деген лакап аталыштагы Э.М. кармалды.Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларусь Республикасынын аймагында өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги аныкталды. Кармалган адам КРнын аймагында бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелип, Жалал-Абад облусундагы атышуу фактыларына, ошондой эле башка чуулгандуу кылмыштуу аракеттерди жасоого түздөн-түз байланыштуу деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки материалдар КЖБРдин каттоосунда турат. Кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.УКМК Э.М жана кылмыштуу чөйрөдөн байланышкан адамдардын кылмыш иштерин документтештирүүгө багытталган тиешелүү чараларды улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *