Slider

Боршакоймдун мүчөсү Гүлнара Журабаева ыкчам аракет көрүү координациялык тобу 6-январда КТРКда өткөн президенттикке талапкерлердин дебаты боюнча материалдарды текшерерин билдирди.

Дебатта талапкерлер телеканалды «бийликти жактап жатат» деп, ал эми алып баруучуларды кесипкөйсүздүккө айыпташкан.

Журабаеванын айтымында, алып баруучулардын кандитаттар парламенттик форманын терс жактары тууралуу көп айтып, президенттик башкаруу форманын оң жактарын көрсөтүүгө багытталган суроолору — кесипкөйлүккө жатпайт. Ал журналисттер үгүттөө иштери жүргүзбөшү керектигин белгиледи.

«Биз ал айтылгандарга көңүл бурушубуз керек. Биздин координациялык топ материалдарды текшерет», — деди ал 24.kgге курган маегинде.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *