Slider

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалган эки адам Мелис Аспеков жана Улан Жураев экени айтылууда.Бул тууралуу «Kaktus.media» порталы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шилтеме берип жазды.

Атайын кызмат 9-январда маалымат таратып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активист кармалганын билдирген.

УКМК алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесине шек саналып кармалганын кабарлаган.Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди,-деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *