Slider

Өлкө аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө, — деп билдирет Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Анын айтуусуна караганда, өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды.»Анын ичинде, 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, ыкчам чара көрүүчү 280ден ашык документтештирүү топтору иш алып барды”, — деп Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *