Slider

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, бүгүн 12-январда атайын иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы эскерүү кечеси концерт менен коштолот.Кече коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чакан форматта өткөрүлмөкчү.

Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо бүгүн 80 жашка толмок. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун этегине коюлган.

Абдыкадыров чыгармачылык жолунда 200 ашуун обон жараткан. Ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирип, эл арасында кеңири таанылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *