Slider

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине кол салуу болду. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 13-январында болжол менен түнкү 01:10 чамасында Кара-Кулжа РИИБдин Жашы жете электер менен иштешүү боюнча инспекциясынын инспектору милициянын кенже лейтенанты С.Б Кара-Кулжа айылынын Суранбай көчөсүндө өзүнө таандык болгон «Нива» үлгүсүндөгү автоунаасында олтурган учурда ага бейтааныш жаран кол салган. Ал автоунаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги кош найлуу ок атуучу куралынан капысынан ок чыгарган.

Окуя болгон жерге ыкчам- тергөө тобу заматта жетип, Кара-Кулжа РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Д. К автоунаадан түшкөн кезде анын арт тарабынан белгисиз атуул белгисиз ок атуучу курал менен бир жолу атып жиберген, ошол учурда Д. К жанындагы табелдик ок атуучу куралы менен ал аны көздөй бир жолу ок чыгарган. Кол салган жаран окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 39, 130 беренесинин 2 бөл.,4.8, 11.-п.п менен Кара-Кулжа РИИБдин Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыш иштин бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна “Перехват” операциясы киргизилип, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган. Азыркы учурда, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жана шектүү атуулду аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *