Slider

Жогорку окуу жайлардагы окуу акысын азайта албайбыз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова маалымат жыйында билдирди.

«Учурда айрым коомдук уюмдар, келишимдик негизде окуу акысын төмөндөтүүнү талап кылышууда. Бирок Жогорку окуу контрактын эсебинен мугалимдерге айлык акы төлөйт, окуу жайдын керектүү жабдууларын алат. Дистанциялык окууда эмгек акысы төмөндөшү мүмкүн эмес, себеби мугалимдердин көбү үй-бүлө багуучусу болуп саналат», — дейт Баймуратов.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттери окуу акысын 50гө төмөндөтүүнү талап кылып чыгышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *