Slider

Курсан Асановдун жубайы инсульт алгандыгына байланыштуу тергөө иши убактылуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Кульнара Усенканова бир нече чакырууларды жөнөткөн. 11-январда ал УКМКга барып сурак берип жаткан жеринен өзүн жаман сезип, дарыгер чакырылган.

Кульнара Усенканова дарыгерлердин коштоосунда «Юрфа» борбордук клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал жерде дарыгерлердин кароосунан кийин К.Усенкановага стационардык дарылануу сунушталып,ал Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын неврология бөлүмүнө жаткырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *