Slider

Ош шаарынын Ак тилек кичи районунда 100 орундуу балдар бакчасы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 81- «Балапан» атындагы бала бакчанын ачылыш аземине шаар башчысы,шаардык кеңештин төрагасы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакча заманбап шарттары менен курулуп бүткөрүлгөн. Курулуш иштерин «Мираж» ЖСКсы жүргүзгөн.

Шаардык мэриядан маалымдагандай бул бала бакча шаардык бюджеттин эсебинен курулуп бүткөрүлгөн үчүнчү бала бакча болуп эсептелет. Дагы 2 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *