Slider

Бала багып алуучуларга мамлекет ай сайын 18757сом төлөп берет. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда баланы багып алуучу үй-бүлө, анын жол-жоболору тууралуу маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбияло боюнча камсыз кылуу үчүн балага алтернатива түзүп берүүгө милдеттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек.

Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет. Бул балдардын абалы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө айлык төлөнөт.

Учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.Алсак, баланы багып алуучу үй-бүлөдө баланы камсыздоого бөлүнгөн акча баланын жаш курагына жараша эки жашоо минимумдун өлчөмүндө акы төлөнөт. Багып алуучу ата-эненин эмгек акысы багып алган балдардын жаш курагына, санына жараша төлөнөт. Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы: азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда, бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *