Slider

Индонезиянын Сулавести аралындагы жер титирөөдөн 34 киши каза болуп, 50дөн ашуун адам жабыркады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, силкинүүнүн күчү 6,2 баллга чейин жеткен.

Таңга маал болгон бул окуядан улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, зилзаладан улам жер көчүп, 60дан ашык үйдү, эки мейманкананы, провинциянын губернаторунун кеңсесин басып калган.Жергиликтүү метеорологиялык агенттик жер кайра силкиниши мүмкүн экенин эскертүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *