Slider

Сотторго жана прокурорлорго зомбулук көрсөтөм деп коркуткан видеоматериалдарды социалдык тармакка жарыялаган Бакай Кашкарбаев аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-17-ноябрга чейин Фейсбук социалдык тармагында 4 миң 981 колдонуучу бар аудиторияга BakaiKashkarbaev аттуу колдонуучу сотторго жана прокурорлорго зомбулук көрсөтөм деп коркуткан видеоматериалдарды жарыялаган. Аталган социалдык тармактагы баракчанын колдонуучусу Бакай Кашкарбаев экендигин аныкталды. Анда ал мамлекеттик органдардын жетекчилерин агрессивдүү сынга алууга багытталган иш аркеттерди жүргүзгөн.

2020-жылдын 15-ноябрында Кашкарбаев белгисиз адамдар тобу менен Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облустук прокуратурасынын жетекчисине карата коркутууларды айтканы видеого түшүп калган. Мындан тышкары активист «Башын кесиш керек!», «Жанчыш керек», «Тишиңерди талкалайбыз!», «Көзүңөрдү чукуйбуз» деп элди көтөрүлүүгө үндөгөн.

2020-жылдын 16-ноябрында ал райондук соттун төрагасынын иш бөлмөсүнө кирип, ал жердеги тартип бузуу фактысын чагылдырган видео жарыялаган. Андан тышкары судья Т. Жумаев менен жолугушууну талап кылып жатканы ачык көрсөтүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *