Slider

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын билдирди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Расмий маалыматка ылайык, Төрөкулов 15-январда Ош шаарында колго түшкөн. Кайсыл ишке шек саналып жатканы тууралуу азырынча маалымдала элек. Анын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да кол түшкөн.

Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *