Slider

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өлкө аймагында убактылуу жашагандарга квота бөлүштүрүүнүн эрежесин түзүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Инстаграмдагы «Федерации мигрантов» баракчасында жарыяланды.

Мындан ары квотаны Россиянын субъектерин түзүүчү комиссиялар бөлүштүрөт. Чечим добуш берүү менен кабыл алынат.Квотаны төмөнкүлөр ала алат:

адистиги же кесиби бар мигранттар,

мыйзамдуу киреше ала алгандар,

билими же башка мамлекеттеги билим же квалификациясы барлар,

Россия жаранынын тууганы,

РФ жашагандар;

Россияда турак жайы бар чет элдик жарандар;

мыйзамды сактаган жана билими бар чет элдик жарандар;

Россиянын бир субъектисинде 6 айдан кем эмес иштеген жарандар;

Андан сырткары, эмгектенген чет өлкөнүн жарандары Россиянын пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн жүргүзүп туруу зарыл.

Токтом 14-январда күчүнө кирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *