Алмазбек Атамбаев түрмөдө отуруп, «Волшебный сады детства» аталышындагы китебин жазды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.
Алардын айтымында, китеп мурунку президент түрмөдө отурганда жазган. Китеп буга чейин сатыкка коюлган.
«Балалыктын сыйкырдуу бакчалары» — ностальгиялык жана лирикалык, анекдотторго жана ошол эле учурда олуттуу ойлорго толгон. Китеп окурманды жылуу эскерүүлөрдүн жээгине жеткирип, турмуштун көз ирмемдерин күнүмдүк тиричилик,»тытынуу» менен өткөрүп жибербөөгө, ар бир көз ирмемди баалап, кереметке ишенүүгө үндөйт «, — деп айтылат билдирүүдө.
