Slider

Бүгүн,16-январда Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду. Ага Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов, райондук администрация жетекчиси Алтынбек Болбур уулу жана райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү,айыл жашоочулары катышты.

Ы.Монуев атындагы мектептин окуучулары буга чейин 3 мөөнөт менен окуп келишкен. Жаңыдан курулуп бүткөн кошумча мектеп корпусу сабак окууда мугалимдердин жана окуучулардын буга чейинки ыңгайсыздыктарын жеңилдетет.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов мектептин курулушуна демөөрчүлүк кылып, чатырын жабууга акчалай каражат бөлүп берген.

«Өлкөнүн келечеги жаш муундардын татыктуу билим алуусунан көз каранды. Айрыкча,шарты катаал,алыскы айыл- аймактарда мектептерде жакшы шарт түзүлүшү керек. Окуучуларга татыктуу билим берүүдө заманбап каражаттар менен жабдылган окуу класстары чоң мааниге ээ. Мектептин компютердик класстарын мен жеке өзүм жабдып, камсыздап берейин»,-деди Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *