Slider

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» деп аталган чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болду.Кечеге шаардык мэриянын өкүлдөрү,жазуучунун жакын санаалаштары,калемдештери жана окурмандар катышты.

Салтанаттуу кеченин алкагында классика жана эстрада ырчыларынын концерттик программасы тартууланып,шаар башчысы белектерин тапшырып,акчалай колдоосун көрсөттү.

Кеченин катышуучулары жазуучунун өзгөчө жазуу стилин, чыгармаларында терең философиялык ойлордун камтылганын,тарбиялык жактан бай мааниге ээ экендигин белгилешти.

Бул менен бирге Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрдүн баа көтөрүү (аукцион) көргөзмөсү уюштурулду.

Кубатбек Жусубалиев жана Клара Юсупжанованын 80 жылдыгына арналган сүрөт-календардын бет ачары болуп,келген конокторго автордун колу менен китептерин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кечени уюштуруучулардын айтымында түшкөн каражат жазуучунун жаңы китептерин басып чыгарууга жумшалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *