Slider

2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу карантин киргизилгенден бери токтоп турган Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы 18-январдан тартып жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун сайтында кабарланды.

Сайттагы маалыматка таянсак, каттамдарды жумасына бир жолу дүйшөмбүдө «Тез Жет» авиакомпаниясы жүргүзөт. Бишкектен самолёт саат 11:00дө, Исфанадан кайра Бишкекке 14:20да учат.

Карантинде ички жана сырткы каттамдар токтотулуп, кийинчерээк Бишкек-Ош багыты жанданган. Жалал-Абадга, Баткенге такай каттамдар толук жолго коюла элек.

Бишкек-Исфана-Бишкек багыты Кыргызстандагы эң пайдалуу ички каттамы катары сыпатталат. Ал аркылуу Тажикстандын Согди облусунун тургундары Бишкекке, андан ары Орусияга жана башка чет мамлекеттерге катташкан. Кийинчерээк Бишкек-Исфана авиакаттамы бир канча жолу токтоп, кайра ачылып турган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *