Slider

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү окуучуларды таап, билимин өркүндөтүү үчүн атайын альтернативдүү олимпиаданын биринчи баскычын өткөрдү. Олимпиада 16-17-январь күндөрү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул сынак математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстанды командасын түзүү жана даярдоо үчүн өткөрүлүп жатат.

Бул олимпиада 4 баскыч менен өткөрүлөт. Алгачкы эки баскыч январь, февраль айларында онлайн режиминде болот. Жыйынтыктоочу эки баскыч март, апрель айларында өтөт. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *