Slider

Бүгүн каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал эртең менен Facebook баракчасы аркылуу иш таштоого камынып жаткан маршруткачыларга кайрылган.

«Жети жылдан бери тарифти көтөрбөй келгенбиз. Сиздердин акыбалды түшүнүү менен кабыл алып жатабыз, сиздер да элди түшүнүңүздөр. Жол кирени азыр эле заматта көтөрүп бергиле дегениңер туура эмес. Өзүнүн процедурасы бар, алгач Экономика министрлигине жөнөтүп анализ чыгартышыбыз керек. Ал үчүн бери дегенде эки айдай убакыт кетет. Андан соң Шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз», — деди Түлөбаев.

Ал эми шаардыктар маршрутка күндөгүдөн азыраак каттап жатканын билдирүүдө. Бир саат мурда каттамга чыккан маршруткалар көбүрөөк болчу, уламдан-улам азайып баратат. Шаардыктар айдоочулар бири-бирин көзөмөлдөп иштетпей жатышы мүмкүн деген пикирди да айтышууда.

Белгилей кетсек, маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүү талабы менен иш таштай турганы айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *