Slider

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын билдирди деп жазат Спутник маалымат агенттиги.

Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп каларын белгилеген.

“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек, буга кошумча эч кандай чыгым болбойт”, — деди Байтерек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *